Оштун мэри Бакытбек Жетигеновго шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Бүгүн, 14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Жашыруун добуш берүүгө 45 депутаттын 42си катышты. Жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдосо, үчөө каршы болду.

Мэр жана вице-мэрлерди кызматтан кетирүү боюнча сунушту Ош шаарынын депутаттары бүгүн айтып чыгышты, алар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришти. Демилгени бардык фракция лидерлери колдошту.

Аларга вице-мэр Сонунбек Жунусбаев токтомдор 95 пайызга аткарылганын айтты. Ал эми мэрдин орун басары Замир Юсупов себептерин түшүндүрүү үчүн сессияда сөз сураганда уруксат берилген эмес.

Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ. Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Жаңы мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы шаарлардын мэрлерин президент дайындап, иштен алат.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп бир жыл мурда дайындалган.

Видео: Ош шаардык мэриясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан