Жалал-Абад облустук милициясы мейманкананын алдындагы мушташка байланыштуу 2004-жылы туулган С.А. аттуу дагы бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
Мындан сырткары дагы 3 жаран аныкталып, тергөөгө келип турууга милдеттендирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул окуяга байланыштуу Жалал-Абад ШИИБине эки жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында мейманканасынын эшигин ачып кирип, ичиндеги буюмдарын талкалап салганын айткан. Дагы бири ошол мейманкананын короосунда 20 жаштагы уулун жана анын досун белгисиз балдар сабап жана баласынын Хонда Жаз үлгүсүндөгү автоунаасын талкалап салышканын билдирген.
Токмоктолгон 20 жана 21 жаштагы эркек балдар Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.
Кечээ мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу төрт жаран кармалганы кабарланган. Алардын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.
Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бул жаңжал боюнча "кылмыштуу топтордун ортосундагы тиреш" деген маалыматты төгүндөп, 20 жаштын тегериндеги жаш балдардын ортосунда пикир келишпестиктен чыккан мушташ экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Жалал-Абаддагы разборка" деген видео тараган. Анда аёосуз сабалган, бети-башы канга боёлгон киши энеден туума жылаңач абалда көчөдө онтоп жатканын көрүүгө болот. Аны тегеректеп видеого тартып тургандардын бири "Бул өлүшү керек" деп айтканы бар.
Видеону бөлүшкөндөр мушташ уюшкан кылмыштуу топтордун арасында таасир талашуудан улам келип чыкканын, сабалган жаран учурда оор абалда ооруканада экенин жазышкан.