"Акысы күнүнө 1200 сом". Бишкек мэриясы жарандарды жумушка чакырат

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы контролёрлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жумуш убактысы эртең мененки 07:00дөн кечки 08:00гө чейин созулат. Контролёрдун милдеттери автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдөө жана "Тулпар" карталарын сатуу болуп саналат.

"Контролёрлордун эмгек акысы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган. Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга зарыл: 0550553444, WhatsApp: 0555 525 452", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан