
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Эмилбек Абдыкадыров облустун архитекторлору менен жолугушууда курорттук аймактардын инфраструктурасын жакшыртуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Эмилбек Абдыкадыров облустун архитекторлору менен жыйын өткөрүп, анда курорттук аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, туристтерге жана спортчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кеңири маселелерди талкуулаган.
Жыйында туристтер жана спортчулар үчүн заманбап велосипед жолдорду жана чуркоо жолдорун куруу сыяктуу маанилүү аспектилер талкууланды.
"Курорттук зоналардын жана спорттук жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүү туристтик жана спорттук борбор катары позициясын бекемдөөнүн маанилүү багыты болуп саналат. Биз спортчуларга да, конокторго да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келген аракеттердин баарын жасоого умтулушубуз керек", - деп баса белгилеген облус жетекчиси.