Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын ишин текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, калаа башчысы "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын №35 орто мектебинде, №54 орто мектепте жана №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги жаңы газ от казандарынын иши менен таанышты.
Ага ылайык, шаар мэри өзүнүн орун басарларына жана жетекчилерине мэриянын балансында турган орто мектептердин жана бала бакчалардын аймактарын тез арада иретке келтирүүнү, жана от казандарды орноткондон кийин №12 бала бакчанын балдар аянтчасын калыбына келтирүү иштери милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында социалдык объектилердин 22 көмүр отканасы жылытуунун альтернативдүү түрүнө өткөрүлдү.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын техникаларын кышкы мезгилге даярдоонун жүрүшү менен таанышып жатып, мэр "Тазалык" ишканасынын директоруна муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору менен биргеликте жараксыз
техникаларды эсептен чыгаруу иштерин тездетүүнү, «Тазалык» муниципалдык ишканасын оптималдаштыруу, ошондой эле таштандыларды эффективдүү жайгаштыруу жана санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, муниципалдык катуу заттар үчүн пресс-компрессорду иштеп чыгуу (ишке киргизүү) боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды",-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле санитардык полигондун аймагындагы иштерди текшерүүнүн жыйынтыгы менен муниципалитеттин башчысы Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарына БСП МИнин директору менен биргеликте эски полигондун ордун жашылдандыруу иштерин уюштурууну милдеттендирди.