Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жолдун экинчи катмарына асфальт төшөлүүдө

Ош шаарынын мэри Ленин көчөсүн асфальттоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүндөгү Загородная көчөсүнөн Ош автобекетине чейинки жолду толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары жүрүүдө.

"Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жасалып жаткан иштерди жеринде көрүп чыгып, бир катар сунуш, пикирлерин айтты. Аба-ырайы жакшы болуп турган шартта аталган жол тилкесинде бардык иштер сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керектиги белгиленди.

Учурда асфальттын экинчи катмарын төшөө, арык, лотокторду орнотуу иштери жасалууда.

Ал эми Ош автобекетинин жанындагы жолду унаалардын эки тараптуу кыймылын уюштуруу максатында 6 метрге кеңейтүү боюнча иштер аяктап калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында ирригациялык тутумдарды жаңылоо, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар куруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Жолдун жалпы узундугу 1,7 чакырымды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан