Ташиев Көлбаевдин тажиясына барган депутат Түмөнбаевди эмнеге жоопко тартпай жатканын түшүндүрдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тажиясына барган депутат Акылбек Түмөнбаевди эмне үчүн жоопко тартпай жатканын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал кечээ, 17-ноябрда Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы учурунда айтты.

Атайын кызматтын башчысы азырынча эл өкүлүнүн кримтөбөл менен байланыштары чыга электигин, чыккан эле күнү кылмыш ишин козгоп, чара көрүлөрүн белгиледи.
“Акылбек Түмөнбаев эл шайлаган депутат. Эл кимди шайлап берсе, ошол депутаттар менен иштеп жатабыз. Бирок аларды да тазалаганга аракет кылуудабыз. Түмөнбаев бүгүн эле барып мандатын тапшыртып же иштен кууп жибере турган адам эмес экен, аны эл шайлаган. Эгер анын ордунда мамлекеттик кызматта иштеген башка бирөө болгондо бир сааттан кийин жумуштан алдырмакмын. Өзүнүн уят-сыйытына коёлу. Өзү кетип калса жакшы болот, иштейм десе аны да өзү билсин”, - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев: "Акылбек Түмөнбаев депутат болбогондо, бир саатта кызматтан алдырмакмын".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан