Бишкекте залкар калемгер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели тургузулду

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарада Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери жана окурмандар болду.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Өмүрүн чыгармачылыкка арнап, көптөгөн романдарды, поэма, очерк, аңгемелерди жазган калемгер 1997-жылы каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан