Жалал-Абадда дагы таштандыдан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад шаарында дагы таштандыдан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG поралына Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда саат 08:40 чамасында Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү материалдар чогултулган.

Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирлердин биринде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун тургуну 2005-жылы туулган Т.Э. экендиги аныкталган.

"Ал 18-ноябрда саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде кыз бала төрөп, төрөгөн ымыркайын коркуп колуна алып эшике чыгып, жаш баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон. Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ымыркайды төрөт үйүнө алып барышкан учурда ымыркай үшүп муздап калганы, абалы оордугу, бою 44 сантиметр, салмагы 2 килограмм 300 грамм, дене температурасы -35 градус экендиги такталган. Ымыркай азыр тирүү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Ымыркай 18-ноябрь күнү эртең менен табылган. Милициянын маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркай 7 айлык болуп төрөлгөн. Аны 18 жаштагы кыз үйүндөгү душта төрөп, ымыркайды таштандыга таштап кеткени аныкталган. Кыз төрөт үйүнө жеткирилип, анын абалы оор деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан