Бишкектин Биринчи Май райондук соту NazarNews.kg сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.
Сотко Шерипбаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнөн түшкөн. Эми Гүлжан Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагында болот.
Эске салсак, Гүлжан Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш ченде Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анын ошол эле күнү 48 саатка камакка алынганы маалым болгон.
Шерипбаеванын баш коргоо чарасы 18-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, сот аны 1-декабрга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу чечимин чыгарган.
Ага карата кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний, региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.