УКМК тарабынан кармалган Nazar news сайтынын башкы редактору, журналист Гүлжан Шерипбаева №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Шерипбаева Гүлжан Каримовна 1-декабрга чейин камакка алынды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектелүүдө.
Эске салсак, Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш ченде Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анын ошол эле күнү 48 саатка камакка алынганы маалым болгон.