Катар мамлекетинин Доха шаарында "Жашыл чөл, эң жакшы айлана-чөйрө" көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейин болот.
"Бул иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан "Кыргызстан" улуттук павильонун орнотуу үчүн жалпы аянты 900 чарчы метр жер бөлүнүп берилген.