Ички иштер министрлиги 21-22-ноябрда республиканын аймагында «Ууру» аталышындагы комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт. Бул туурасында министрликтен билдиришти
Иш-чаралардын максаты - кылмыштуулукту алдын алуу жана криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо жана бетин ачуу, уурдалган мүлктү мыйзамсыз сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо болуп саналат.
Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен жүргүзүлүп жатат. Эки күндүк иш-чарага кылмыш иликтөө бөлүктөрү, коомдук коопсуздук кызматтары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү жана башка кызматтар тартылган.
"Жогорудагы өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги тапшырмаларынын бири-мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү жана маалымат берүү. Буга уюмдардын, айрым объектилердин, анын ичинде бизнес объекттеринин материалдык-техникалык жактан бекемдигин камсыздаган түн ичинде аймакты жарыктандыруу, эшиктерди бекемдөөнүн абалы, кулпулардын ишенимдүүлүгү, сигнализация тутумун орнотуу кирет. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жеке жана мүлктүк коопсуздукту жогорулатуу үчүн кылмыштуулукту алдын алуу маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Жөнөкөй сактык чараларын аткаруу мүлктү сактоого жана кол салууларды алдын алууга жардам берет. Кээде уурулуктардын катталышына жарандардын этиятсыздыгы жана мүлктү сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү себеп болот", - деп билдирет маалыматта.
Эскерте кетсек, кылмыш иликтөө багыты боюнча жасалган кылмыштардын жалпы санынын 55 пайыздан ашыгын башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо түзөт.