Эмилбек Абдыкадыров Тоң районунун жетекчилиги менен жолугушту

Бүгүн, 21-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Тоң районунун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында элдин жашоо шартын жакшыртууга, оңдоого жана экономикалык өнүгүүгө багытталган иш аракеттер талкууланып, облус башчысы тоң районунун социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.

«Район эле эмес, облусубуздун элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, сапаттуу долбоорлорду даярдап инвесторлорго сунуштоого тийишпиз», - деген Эмилбек Абдыкадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан