Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Алымбаев Алайбек Анаркулович 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган.

2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2005-2006-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын референти, 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин аппаратынын Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Ал эми 2022-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан