Мамлекет тарабынан Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдун алкагында Лейлек районунун Айбике айылында Танги-Айбике сугат суу долбоору ишке ашырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, сугат суу долбоорунун курулушуна 30,4 миллион сом жумшалды. Алтын-Бешик тоолорунан айылга чейин 5,5 чакырым аралыкка жер асты менен суу алынып келинди.
Курулуштун жүрүшүндө тоодон түшкөн мөңгү суунун астына башкы суу алуучу жайы курулуп, тоо боору менен жер астына суу түтүгү жаткырылып келген.
"Натыйжада 164 метр бийиктикке өз нугу менен суу чыкты. Долбоор сыноодон өткөрүлүп, ийгиликтүү ишке ашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Анын алкагында дагы 1 чакырым жерге сууну тартуу иштери айыл өкмөтүнүн эсебинен жүрдү.
Кошумчалангандай, жаз алды менен долбоор толук кандуу иштеп баштайт. Натыйжада Айбике айылына сугат суу берүү жакшырат жана 628 гектар бош жаткан талааларга суу жетип, өздөштүрүлөт.