KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү январдын ортосуна чейин узартылды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматта Ташовду тергөө абагында кармоо чечими 10-ноябрда чыкканы айтылат.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташовдун кармалганын 27-октябрда УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан