Бишкекте каракчылыкка шектелип 17 жана 18 жаштагы жигиттер кармалды

Ленин РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда 10-октябрда Н.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен кечки саат 20:00 чамасында Ю.Гагарин менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде, күч колдонуп анын жашы жете элек баласынын IPhone XC маркасындагы уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине ( каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 2005-жылы туулган К.Б. жана 2006- жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан