Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейшемби күнү, 23-ноябрда Евробиримдиктин жана Евро Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул Пашинян себептерин так түшүндүрбөй туруп катышуудан баш тарткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити болгон күнү болду.
Пашинян европалык элчилер менен республикадагы демократиялык институттарды чыңдоо маселелерин, ошондой эле Түштүк Кавказ аймагында болуп жаткан процесстер боюнча пикир алмашып, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашкан.