Кечээ, 26-ноябрда Катар мамлекетинин Доха шаарында "Кыргызстан" павильонунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлиги улуттук көргөзмө оператору болуп саналат. Көргөзмөгө Кыргызстандан 20дан ашык компания катышууда. Павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөр бөлүнүп берилген.
"Иш-чараны уюштурууга Кыргызстандын элчилиги жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги колдоо көрсөткөн.
Бул иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Доха шаарында өтуп жаткан ЭКСПО-2023 көргөзмөсү ушул жылдын 2-октябрынан тартып, 2024-жылдын 28-мартына чейин уланат.