Ысык-Көлдө унаадагы фейерверктер жарылып, бир адам каза болду

Бүгүн, 28-ноябрда Ысык-Көлдө унаадагы фейерверктер жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан.

Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

"Тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, өздүгү такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан