Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулу Орусиянын Коргоо министрлигинин батальонуна жетекчи болду

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулу Адам Кадыров Орусиянын Коргоо министрлигинин курамына кире турган "Шейх Мансур" атындагы чечен батальонунун куратору болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Чечен парламентинин спикери Магомед Даудов менен Мамлекеттик Думанын Чеченстандан шайланган депутаты Адам Делимхановдун айтымында, Адам Кадыровго маанилүү багыт тапшырылды.

"Мындан ары ал Орусиянын Коргоо министрлигинин курамындагы согушка эң даяр бөлүктөрдүн бири болгон Шейх Мансур батальонуна жетекчилик кылат. Биринчи президентибиздин небереси ага көрсөтүлгөн ишенимди жогорку деңгээлде актап, батальондун өздүк курамы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык зарыл болгон нерселердин баарын жасап, тапшырмаларды натыйжалуу аткарат деп ишенем", - деп жазды Даудов өзүнүн Telegram каналында.

Ошондой эле Адам Кадыровго "Шейх Мансур батальонунун жылдызы" дагы ыйгарылган.

Октябрь айында Рамзан Кадыров Чеченстанда Орусиянын Коргоо министрлигинин курамына кире турган жана Украинадагы согушка катыша турган "Шейх Мансур" атындагы батальон түзөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан