Месси, Роналдиньо, Марадона. Футбол айдыңындагы бул ысымдарды ким гана билбейт. Бүгүн, 29-ноябрда дал ушундай жылдыздарды таптаган "Барса" клубу негизделген. Тагыраак айтканда, мындан 124 жыл мурда 1899-жылы “Барселона” футболдук клубу түзүлгөн. Аталган клубдун оюнчуларын кумир тутуп, команадага күйөрмандык кылгандардын саны дүйнөнүн булуң-бурчунда миллиондоп саналат. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. SUPER.KG порталы клубдун негизделген күнүн утурлай анын тарыхы, жетишкендиктери, оюнчулары тууралуу кеп кылууну туура көрдү.
Өлкөсү: Испания (Каталония провинциясы).
Стадиону: "Камп Ноу". Ал Европадагы эң чоң стадион саналат. Ага 100 миңге жакын адам батат.
Жетишкендиктери:
Эл аралык сыйлыктар:
Чемпиондор Кубогу (УЕФА Лигасы) - 5.
Калыс кубок - 3.
Жарманкелердин кубогунун кубогу - 1.
УЕФАнын кубок ээлеринин кубогу – 4.
УЕФА Суперкубогу - 4.
Латын кубогу - 2.
Жоан Гампер кубогу - 35.
Париж кубогу - 1.
Бүгүнкү күндө бардык кубоктор Испаниянын футболун даңазалаган "Камп Ноу" стадионунун аймагында жайгашкан "Барса" музейинде сакталып турат.
"Барселона” – Испаниянын Жогорку Лигасында “өмүр бою” ойноп келаткан үч команданын (“Реал Мадрид”, “Атлетик Бильбао”) бири. Андан тышкары "Барса" – Европа сезонун бир да жолу коё бербеген жалгыз команда.
ТАРЫХЫ
Швейцариялык Жоан Гампер мындан 124 жыл мурда 11 кишини бириктирип, футболдук клуб түзөт да, ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барселона” алгачкы чемпион болгон. Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барселона” “улутчулдар уюму” деп, президент Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын уюштурушкан. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган. Бирок “Барселона” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган. 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.
Клуб түзүлгөндөн бери оюнчулар салттуу түстөгү ак шорта жана гранат көк түстөгү футболка кийип келишет.
Клубдун биринчи эмблемасы Барселона шаарынын эмблемасы болгон. Кийинчерээк 1910-жылы, өз гербинин мыкты дизайны үчүн күйөрмандардын арасында сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыгында эң ылайыктуу вариант тандалган, анын автору Карлес Комамала болгон. Убакыттын өтүшү менен герб бир аз өзгөртүүлөргө дуушар болгон, бирок анын жалпы дизайны ошол эле бойдон калууда.
Жаңы команда ойногон эң биринчи матч 1899-жылы 8-декабрда Vélodrome de la Bonanova стадионунда болгон. Алардын атаандашы англиялык команда болуп, эки командада тең 10 киши менен ойноп, "Барселона" тилекке каршы 1:0 эсебинде утулуп калган.
Барсанын алгачкы жылдары жаркыраган эмес. 1905-жылы клуб Каталония чемпиондугун утуп алганы менен, бирок кийинки үч жыл катары менен эч кандай жаңы сыйлыктарды алып келген эмес. Финансылык абалы да оорлоп бараткан.
Бактыга жараша, 1908-жылы Барселонанын президенттигин Жоан Гампер ээлеп, ал өзүн таланттуу менеджер катары көрсөтө алган жана мунун аркасында дагы үч жолу президент болуп шайланган. Гампердин тушунда клуб 1909-жылы биринчи жолу 8000 кишилик Carrer Industria стадионуна ээ болгон.
20-жылдары клубдун атактуулугу жана ийгилиги арткан. Алар 1928-1929-жылдары биринчи Чемпиондор Лигасынын Кубогун утуп алышкан.
"Барселонанын" бардык күйөрмандары "Беш кубок" деп аталган сезон менен сыймыктанышат. Бул 1951-1952-жылдар аралыгында клуб Кубокту, Лиганы, Латын Кубогун, Martini Rosso жана Eva Duarte Кубогун утуп алган.
Ал эми 1957-жылы "Камп Ноу" стадиону курулган.
Клуб барган сайын ийгиликке жетишип, 1983-жылга чейин команданын курамында Бернд Шустер жана Диего Марадона сыяктуу оюнчулар ойногон.
1996-1997-жылдары командага эки жаңы толуктоо зор таасир этти. Алар Бобби Робсон жана талаада Роналду. Бул жылдар команда үчүн эң ийгиликтуу болгон.
2003-жылы командага оюнчулардын жаңы толкуну кошулган, алардын арасында Райкард, Роналдиньо, Пуйоль жана Хави сыяктуу оюнчулар бар болчу.
"БАРСАНЫН" МЫКТЫ ОЮНЧУЛАРЫ
"Барса" оюнчулары бир нече жолу престиждүү жогорку деңгээлдеги спорт сыйлыктарына ээ болушкан. Алардын арасында төмөнкү футболисттерди өзгөчө белгилей кетүү керек:
МЕССИНИ МЕССИ КЫЛГАН "БАРСА"
Лионель Месси "Барселонанын" бардык убактагы эң мыкты бомбардири жана 2008-жылкы Олимпиада чемпиону. Ал Барса үчүн 301 гол киргизген. Месси 24 түрдүү рекорддун жаратуучусу. Анын ичинде 4 Алтын топтун ээси. 24 жашында ал бир нече жолу ар кандай версиялар боюнча мыкты оюнчу болгон.
Месси 5 жашында атасы машыктырган "Грандоли" футболдук клубунда футболдун каалгасын ачып, 1995-жылы Newell's Old Boys командасына барат. 11 жашка келгенде Мессиге өсүү кормонунун жетишсиздигин жана дарылатпаса бою 140 сантиметр бойдон токтоп каларын билдиришкен. 5 жыл тарбиялаган Old Boysда, жаш талантка кызыгып жаткан "Ривер Плейт" да аны дарылатуудан баш тартат. "Барселонанын" спорт директору Карлес Рексач Леонун оюнун көргөн соң аны дарылатып, атүгүл "Баселонанын" жаштар командасына кошкон. Жада калса анын үй-бүлөсүн Испанияга көчүрүп келип, ата-энесин жумушка орноштуруп, бардык шарттарды түзүп берет. Жылдар өтүп, Месси команданын башкы оюнчусуна айланып, футбол падышасына айланды. Бул да болсо "Барсанын" көсөмдүгү жана жаш таланттарды барктай билүүчүлүгүнөн кабар берет. Ал эми 2021-жылы Месси клубдан кеткен.
"БАРСА" БҮГҮН
"Барселонаны" уникалдуу кылган нерсе - анын "футбол клубу" статусу. Бул ЖЧКга айлана элек саналуу командалардын бири. Бул клуб 144 000 адамдан турган анын мүчөлөрүнө таандык дегенди билдирет. Ушул эле адамдар татаал система аркылуу клубдун президентин шайлашат. "Барселона" өзүн "клубдан да көбүрөөк" деп эсептегенге толук укугу бар экени анык.
2023-2024-жылкы сезондо команда башкы машыктыруучу Хавинин жетекчилиги астында наамдар жана жаңы кубокторду алуу үчүн күрөшүн улантууда.
"Барселона" дайыма жеңишке талапкерлердин арасында жана бул сезондо команда мүмкүн болгон бардык сыйлыктарды багындыруу ниетинде. Күйөрмандар болсо командадан жаркын жана эмоционалдуу оюн, атаандаштарына гол киргизип, жеңиштердин кубанычын күтүшөт.
29-ноябрга карата жылнаама.