"Жооп берсин". Мирлан Самыйкожо анын ордуна тууну өзгөртүүгө "макул" деп добуш берилгенин айтты

Бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тууну өзгөртүү маселеси каралып, депутаттар бул мыйзамды 66 добуш менен биринчи окууда кабыл алышты.

Добуш берүү аяктагандан кийин депутат Мирлан Самыйкожо анын компьютеринен туунун өзгөртүлүшүнө "макул" деп добуш берилгенин айтып, ким кылса дагы жооп бериши керектигин айтты.

"Эл менен жолугушууда жүрдүм, бул бүгүнкүгө кирмек эмес, эч ким билмек эмес. Жашыруун түрдө тууну алып кирип, өткөрүп койдуңар. Экинчиси менин компьютериме "макул" деген добушту басып койдуңар, ким басса дагы жооп бериши керек", - деди Самыйкожо.

Ошондой эле ал бул маселе референдум менен чечилиши керектигин айтты.

"Эшиктеги элдин 90 пайызы каршы деп турат. Кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп жатабыз. Референдум кылыш керек эле. Кайталап айтып коёюн, мен жокто компьютериме туу боюнча "макул" деп добуш берген адам жооп бериши керек. Мындай болбойт", - деди Самыйкожо.

Мирлан Самыйкожо анын ордуна тууну өзгөртүүгө "макул" деп добуш берилгенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан