Бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Эми ага президент кол коюусу зарыл.
Ага ылайык, төмөндөгү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизилет:
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов,
- Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек,
- Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар,
- Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал,
- Ноокат районун Зулпуев айыл аймагынын Калдай,
- Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил,
- Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конушу.