Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнүн кеңеши өттү

Кечээ, 30-ноябрда Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинде шериктештикке мүчө-мамлекеттердин КМШнын уставдык органдарындагы жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйынга Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаев төрагалык кылды.

Жолугушууда КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле КМШнын Туруктуу өкүлдөр кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында өткөрүү жана Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин "Кыргыз Республикасынын КМШга 2023-жылдагы төрагалыгынын жыйынтыктары жөнүндө" маалыматын угуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан