УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 30-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган.
Ошондой эле ал чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара тилкеси ачылбай турганын жана контрабандага жол берилбестигин эскерткенин айтты.
"Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт",- деп жазды Өткүрбек Рахманов.