Бүгүн, 1-декабрда Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен ККМ колдонуу милдеттенмесин жокко чыгарууну жана патент менен иштөөгө уруксат берүүнү талап кылып жатышат.
Митингге болжолдуу 200дөн ашуу адам катышууда. Жеринде милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп жүрөт.
Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда "Дордой", "Орто-Сай" жана "Мадина" базарларынын соодагерлери нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышкан.