“Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирет.
Маалымдалгандай, кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында митинг болгон. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышкан. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан. Ал эми бүгүн, 1-декабрда калаадагы "Аламүдүн" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.