Бүгүн, 1-декабрда көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясы Ошто да өтүп жатат.
Маалымдалгандай, акция калаадагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген соодагерлердин катышуусунда мэриянын алдында өтүп жатат.
Алар да жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында митинг болгон. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан. Ал эми бүгүн, 1-декабрда калаадагы "Аламүдүн" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.