Бүгүн, 1-декабрь СПИД менен, кыргызча айтканда, адамдын иммундук жагынан жетишсиздиги дарты менен күрөшүүнүн эл аралык күнү.
Бул ооруну биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору каттаган. Аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.
БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, жер жүзүндө бүгүнкү күндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Ал эми Кыргызстанда бул оору биринчи жолу 1996-жылы катталган. Ошол эле ДССУ Кыргызстанды ВИЧ инфекциясы тез жайылган өлкөлөрдүн катарына кошкон. Бүгүнкү күндө республикада абал кандай? Дегеле ооруну алдын алуу жана дарылоодо жаңы ыкмалар пайда болдубу? Биздин суроолорубузга Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүтхан Чокморова жооп берет.
- Үмүтхан Жусуповна, алгач бул өнөкөт боюнча биздин өлкөдөгү абалга токтолуп өтсөңүз?
- Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата Кыргызстан боюнча бул оору менен 13 030 киши катталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Анын артынан каза болгондордун саны 3233кө жетти. ВИЧ инфекциясы эң көп катталган Бишкек шаары болуп саналат. Андан кийин эле Чүй жана Ош облустары турат. Башка облустарда катталгандардын саны салыштырмалуу аз. Жугуу жолдору тууралуу айта турган болсок, кан аркылуу жана ийне саюу аркылуу жугузгандар 34 пайызды түзөт. Ал эми жыныстык катнаш аркылуу 58 пайыз болуп эсептелинет. Энеден бала берилген жолу 2,5 пайыз. Жынысы боюнча алганда эркектер 63 пайызды, аялдар 37 пайызды түзөт. Биздин өлкөдө тилекке каршы балдардын арасында да бул оору катталган. 759 баладан аныкталган болсо, анын ичинен 405и стационарларда медиктердин шалаакылыгынан улам жугузуп алышкан. Ал эми 91 бала инфекциянын кесепетинен каза болгон.
ВИЧ/СПИД деген эмне? Бул тууралуу түшүндүрүп өтсөңүз…
- ВИЧ- адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД-иммундук жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептелинет. Ал адам баласына гана таандык, коркунучтуу, жаңы жаралган жугуштуу оорулардын бири.
- Дарылоо ыкмасы тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул инфекция дүйнө жүзүндө катталып баштаган кезде, анын дарысы жок болчу. Ошон үчүн бул илдетти "20-кылымдын чумасы" деп атап, элдин үрөйүн учуруп койгонбуз. Ал эми 2007-жылдан баштап, өнөкөттү дарылоо процесси башталган. Оорулуулар башында 7,8 таблетка ичишсе, медицина өнүгүп олтуруп, бүгүнкү күндө бир эле таблетка ичишет. Бирок бул таблетканы алар өмүр бою ичишет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок өрчүп кетишинен сактайт. Аларды дары-дармек менен камсыздоо үчүн каражаттын 80 пайызын мамлекет берсе, ал эми 20 пайызын Глобалдык фонд камсыздайт. Бул ооруну алып жүргөндөр эл катары иштеп, үй-бүлө куруп, балалуу боло алышат. Анүчүн албетте, талаптарды так аткарып, дары-дармектерди убагында ичүү керек.
- Демек, бул ооруну алып жүрүүчүлөр дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат экен да?
- Жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна каттоого туруп, дарылардын баарын ошол жерден алышат. 3 жана 6 айда бир текшерүүдөн өтүп турушат. Дарыларды убагында ичкен бейтаптар, узак убакытка чейин жашоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал эми аны ичпей койсо, анда организиминде өзгөрүүлөр пайда болуп, инфекция жанданып, оору күчөй баштайт. Буга чейин үстүртөн айтып өткөнүмдөй ВИЧ 3 жол менен жугат. Корголбогон жыныстык катнаш учурунда, кан аркылуу башкача йтканда ийне сайган кезде жана энеден балага да жугат. Бирок тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кош бойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар экенин баса белгилеп кетким келет. Негизи бул вирус сырткы чөйрөдө туруксуз келет. Бирок органзимге киргенден кийин ал такыр жок болуп кетпейт.
- Кандай белгилери бар? Кайсы учурда дарыгерге кайрылуу керек?
- Эгерде адамдын организими күчтүү болсо, вирус организимге киргенден кийин адам 5-10-жылдар бою ооруну жугузуп алганын билбей жашап жүрө бериши мүмкүн. Өзү билбегендиктен, башка адамдарга инфекцияны жугузуп коюшу да мүмкүн. Ал эми организими күчтүү эмес жарандарда болсо вирустун белгилери эртерээк сезилет. Мындайда адам тез арыктып, ысытмасы көтөрүлүп, себепсиз чарчап, колтуктагы же моюндагы лимфа бездеринин узакка сакталуучу шишиги пайда болушу мүмкүн. Мындан сырткары, бир жумадан ашык созулган ич өткөк, ооздогу, арткы тешиктеги (анустагы) же жыныс органдарындагы жаралар, пневмония, теридеги, теринин астындагы же ооздун, мурундун ичиндеги, көздүн кабагындагы кызыл, күрөң, кызгылт же кызгылт көк тактар, эс тутумду жоготуу, депрессия жана башка нерв оорулары да оорунун белгилери болуп саналат. Албетте бул симптомдордун ар бири башка илдеттер менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Сизде инфекция бар же жок экендигин так билүүнүн бирден-бир жолу – бул текшерүүдөн өтүү. ВИЧ инфекциясына кан тапшыруу керек, ал үчүн каалаган ВИЧ/СПИД борборуна барып анализ тапшыруу зарыл. Негизи бул иш-чара акысыз жүргүзүлөт, ал эми жеке ооруканаларда албетте, акы төлөм алынышы мүмкүн. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер менен билүү мүмкүн эмес. Бирок вирус жуккандан кийин, ал түрдүү ооруларга жол ачат. Негизи оорубаган жарандар деле жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп койсо ашыкча болбойт.
- Бул дартка кабылгандар көбүнесе кайсы куракта?
- Мындай дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгондугу өкүндүрөт. Ошондуктан, мектеп жашындагы өспүрүмдөргө илдеттин кооптуулугун таанытуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ВИЧ илдети бул бир гана медицина кызматкерлеринин иши эмес. Буга жалпы коомчулук бирге күрөшүү зарыл. Анын ичинен ар бир адам, өз ден-соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, тазалык, туура жүрүм-турум эрежелерин сактап, сергек жашоого умтулушу зарыл.
1-декабрга карата жылнаама.