"Чечим кабыл алынат". Эдил Байсаловдун жүрүм-туруму кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү (видео)

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кескин сынга алды.

Депутат айым Эдил Байсаловдун айынан комитеттин жыйыны аягына чыкпай калганын айтты.

"Дүйшөмбү күнү Социалдык комитеттин жыйыны аягына чыккан жок. Буга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары себепкер болду (ред. Эдил Байсалов). Комитеттин жыйынында жөлөк пул маселеси каралып жатканда "Бул маселе мага тиешелүү эмес" деп чыгып кеткени бул комитеттин ишин, өкмөттүн өкүлдөрүн теңине албастыгын билдирет. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабастан депутаттар менен айтышып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат", - деди Аида Исатбек кызы.

Ошондой эле ал бул боюнча төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, Эдил Байсаловдун бул жүрүм-турумун Жогорку Кеңештин жыйынында кароону сунуштады.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев бул боюнча кабардар экенин, сөзсүз түрдө чечим кабыл алынарын айтты.

Эдил Байсаловдун жүрүм-туруму Жогорку Кеңеште көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан