Садыр Жапаров "Дордойго" барганда айткан үчүнчү күчтөр кимдер? Өзү жооп берди

Кечээ, 5-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Дордой" базарынын соодагерлери менен жолугушууда үчүнчү күчтөр жөнүндө айткан.

Бүгүн өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде үчүнчү күчтөр тууралуу айткан сөзү боюнча түшүндүрмө берди.

"Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз маселелерин чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз. Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки "чоң акырдан жем жеп" жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, "сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла" деп сүйлөшкөндөрү бар.

Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп каларсыңар. Ошол үчүн мен аларга: "Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин" деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп атканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы. Туура эле түшүнсөк болот", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан