Бүгүн, 12-декабрь "Дүйнөнү калем менен багынткан" Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул күндүн урматына 12-декабрь - Өлкөдө Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.
Залкар жазуучу тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. Мындан улам өлкөдө Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип, бир катар иш-чаралар өттү.
Бул күндү утурлай SUPER.KG порталы да Чыңгыз Айтматов тууралуу маалыматтарды чогултуп көрүүнү чечти. Кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучунун чыгармаларында дайыма адамдык бийик сапаттар даңазаланган.
БАЛАЛЫГЫ
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы дал ушул күнү азыркы Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Төрөкул Айтматов 1927-жылдан 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, кийин Кыргыз обкомунун катчысы болуп эмгектенген. 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы Нагима Айтматова теги боюнча татар кызы. Ал жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган акылдуу аял болгон.
1942-жылы жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Ошол жылы ал болгону 14 жашта эле. Экинчи Дүйнөлүк согуштун кесепетинен мектепти убактылуу таштоого туура келген. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштеп, айыл тургунадрынан салык чогулткан. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, тактап айтканда 1944-жылы август айында бул иштен өз эрки менен кетип, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
Жаштайынан турмуштун оор түйшүгүнө аралашып, бирок аны чыдамкайлыгы менен жеңген келечектеги жазуучу 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан соң Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
АТАСЫНА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮ
Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов репрессиянын курмандыгы болгондугу маалым. Жазуучу атасы жана анын өлүмү боюнча ачык айтпаса жана атайын чыгарма арнабаса дагы көп китептеринде атасына болгон кусалыгын каармандары аркылуу берген. Алсак, "Ак кеме" повестиндеги баланын атасын саргая күтүшү, "Атадан калган туяк" чыгармасындагы Авалбек, "Кылым карытар бир күн" романында Абуталиптин балдары, "Эрте келген турналардагы" Султанмурат баш болгон балдар ошондой эле "Чыӊгыз хандын ак булуту" чыгармасындагы жүзбашы Эрдененин уулу.
МАХАБАТ АЙДЫҢЫНДА
Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы - сүйүп алган жары Керез Шамшыбаева болгон. Керез 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга кыштагында туулган. Ал Бишкектеги Медицина институтунун ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун кенселдерин айыктыруу жаатындагы адис болгон. Чыңгыздан 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар деген уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз экөө тынч ажырашкан. Өмүрүрүн соңуна чейин Чыңгызга каршы пикир айтпастан, инсандын аруулугун, улуулугун көрсөткөн. Керез Шамшыбаева 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Байтик айылына жакын көрүстөнгө коюлган.
Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат.
Журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Жазуучу буга жооп кылып жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”– дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”, - деген жазуучу.
1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз Айтматов азыркы жубайы Мария Айтматовага үйлөнгөн. Мария Айтматова Москва шаарында Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктаган. Оболу Мария бир жапон жигитке турмушка чыгып, Жапонияда жашаган, кийин аны менен ажырашкан. Мария кыргызча, орусча, англисче мыкты билет.
Чыңгыз Айтматов Мариядан Ширин аттуу кыз жана Элдар аттуу уул көргөн.
ЭМГЕК ЖОЛУ
Кыргыз адабият ааламынын алпы Чыңгыз Айтматов эмгек жолун 1959–1965-жылдары орусча "Литературный Кыргызстан" журналынын баш редактору кызматын аркалоо менен баштаган. Ошондой эле "Правда" гезитинин кабарчысы да болуп иштеген.
1964–1986-жылдары Кыргызстан Кинематографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.
1976-1990-жылдары СССР Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгынын катчысы болгон.
1988–1990-жылдары Москвада басылып чыгуучу "Иностранная литература" журналынын баш редактору болгон жана коомдук иштерди да аткарган.
1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.
1966-89-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
1989–1991-жылдары СССР Эл депутаты болгон.
Алгачкы эмгек акыны котормочулуктан алган. Бир жолу жайлоодо Дон айгыры деп аталган, колхоздун баасы кунсуз бир асыл малы өлүп калат. Ал өлгөн жер уу шиберлүү Уу-Саз деген жайыт эле. Бул окуянын тек-жайын билүү үчүн комиссия келет, ал орус киши экен, кыргызча билбейт, берки жылкычылар түгүл, жайлоодо башка бир адам да орусча айта албайт. Ошондо Айымкан байбиченин небереси орусча билерин эстешип, баланын энесине келишет да, Чыңгыз тилмечтик кылып жанагы келгин айгырдын уу чөп жеп өлгөнүн, бул жердин малы ал чөптү жебей турганын которуп берет. Акт жазылган соң оор жазадан азат болгон жылкычылар козу союп, "сен аябай зээндүү бала экенсиң. Буерде болбогонуңда бу оруска түшүндүрө албай калмак экенбиз. Мынакей, алагой, сага устукан!" деп биринчи эмгек акысына чоң жилик карматышат. Чыңгыз аны сыртта турган достору менен бөлүшүп жейт.
СОҢКУ ӨМҮРҮ
Чыгармачылыкты ыр жазуудан баштаган жазуучу өмүрүнүн аягына чейин күчтүү эс тутумга ээ болгон. Ал кандай гана семинар, жыйналыштарга барбасын баарын эстеп калаар эле. Кийин айтылган сөздү кемитпей айтып берчи.
"Өзгөчө ак көңүл болчу. Убакытынын көпчүлүгүн эл алаар эле. Колунан келген жардамын аячу эмес. Кээде элчилер чече албаган маселелерди Айтматов чечип берер эле. Күчтүү авторитетине карабай жөнөкөй эле. Айрымдары кичинекей проблемаларына деле жардам сурап келишчи. Эң өкүнүчтүүсү Айтматовду пайдалангысы келгендер өтө көп эле", - деп эскерген адабиятчы Эсентур Кылычов.
2008-жылы Кыргыз адабияты алсырап, Чыңгыз Айтматовду тааныган жарандар үчүн оор жылдардын бири болду. Ошол жылдын 16-майында Татарстанда сапарда жүргөн кезинде жазуучунун бөйрөгү иштебей калат. Буга байланыштуу аны Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканаларынын бирине дарыланууга жеткиришет. Тилекке каршы, ал жактан Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда оорусунун кесепетинен көз жумган.