
Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу оорукананын кызматкерлери жана бейтаптары эвакуацияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, №2 оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, министр Алымкадыр Бейшеналиев жерине барган.
"Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектеп жүрөт. Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда", - деп айтылат билдирүүдө.