Садыр Жапаров Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 километр” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар (112 500 000 сауд риалы) өлчөмүндө бере турган Кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Финансылык каражаттар “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 километр” долбоорун каржылоого багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан