Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева калктын демографиялык абалы, бул багытта демилгелеп жаткан мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады.
Эл өкүлү Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары менен бөлүшүп, Кыргызстанда төрөттүн көрсөткүчү акыркы төрт жылда төмөндөп кеткенин белгилеп, көп балалуу болууга стимул берчү ыкма сунуштады. Ал өлкөдө карылардын саны өсүп, жаштар азайып жатканын айтып, “Алтын бала” программасын иштеп чыгып, мыйзам долбоорун жазганын билдирди.
Талиева 2025-жылдын 1-январынан тартып үй-бүлөдө үчүнчү болуп төрөлгөн наристеге 3 жыл бою жөлөк пул чегерүүнү сунуштады. Ал эми бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы региондордо, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашагандардын балдарына 3 жашка чыкканга чейин жөлөк пул бериш керек деп эсептейт. Акча бай-кедей экенине карабай тегиз төлөнөт.