Депутаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашууда

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашууда. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышууда.

Анда 2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү экинчи окууга карата 352 миллиард 807 миллион 894 миң сом суммасында сунушталууда. Чыгаша бөлүгү 361 миллиард 795 миллион 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 миллиард 987 миллион 708 миң сом суммасында болжолдонууда.

"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамдын долбоорунда 2024-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 миллиард сом суммасында каралары белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 367,5 миллиард сом деңгээлинде белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 10,9 миллиард сомду түзөт.

Жыйын "суроо-жооп" форматында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан