Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды

Баткен шаарында 8-декабрдан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды макулдашуу боюнча ишти улантат", - деп айтылат маалыматта

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан