Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарында уруксат кагаздары жок курулуштардын тизмесин жарыялады.
Тизмеде Ош шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 17 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары жазылган. Агенттик бул объектилер боюнча сот иштери жүрүп жатканын эскертип, жарандарды тизмедеги турак жайлардан батир сатып албай турууга чакырат.
Аталган мекеме бир күн мурда Бишкекте 38 турак жайдын тизмесин жарыялаган.