Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарага Ички иштер башкармалыгынын, УКМК, МСЭКБ, "Бишкекбашкыархитектура" МИ, "Кадастр" БФ, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү катышышты.
Ага ылайык, президенттин жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалын текшерүү жүргүзүлдү.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 2 мечит жана 1 христиан диний мекемеси убактылуу жабылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 8 санитардык көрсөтмө жана 7 протокол жазылды.
Мындан тышкары, Биринчи Май райондук ИИБ тарабынан 4 административдик протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ведомстволор аралык комиссия диний мекемелерге талап кылынган нормаларга шайкеш келүү боюнча туруктуу негизде иш алып барууда.