"Бир саат дегенде араң өтүп атабыз". Сузактын тургуну жолдун абалына нааразы болду

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал Жалал-Абад шаарына каттаган жолдо тоскоолдуктар жаралып жатканын айтып өттү.

"Көк-Арт дарыясынын көпүрөсү азыркы мезгилде курулуп жатат. Айланма жол менен өткөн жолду эч ким карабай жатат. Ушуну бир грейдир менен сүрдүрүп койгон адам жок. Жол тыгын. Айланма жолдон бир саат дегенде араң өтүп атабыз. Тиешелүү мекемелер көңүл буруп бериңиздер" дейт тургун.

Айтымында аталган жол менен Сузактын Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айылынын тургундары катташат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

15.12.23
15.12.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан