Бишкектеги cуу каптоо: Мэр аткаминерди кызматтан алып, дагы экөөнө сөгүш жарыялады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча каналындагы суу ташып, көчөлөрдү каптаган окуядан кийин калаа башчысы Айбек Жунушалиев “Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун “Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды азайтуу боюнча иштерди жакшы жүргүзгөн эмес жана кырдаалды өз убагында жөнгө сала алган жок” деген негиз менен кызматынан бошотту.

Ошондой эле кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана турак жай-коммуналдык чарбанын ишине жетишерлик көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевге, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевге сөгүш берди.

Эске салсак, кечээ Ала-Арча дарыясынын нугуна муз тоңуп, суу анын жанындагы жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана үйлөрдүн короолорун каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан