Бишкекте Ала-Арча каналынан суу ташып, көчөлөрдү каптады

Бишкектеги Малдыбаев көчөсүн жана Ала-Арча резиденциясынын жанындагы борбордук көчөнү суу каптап жатат. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Бул маалыматты тактоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда жеринде кызматкерлери иш алып барып жатышканын айтышты.

"112 кызматына Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугуна муз тоңгонуна байланыштуу Резиденциянын аймагын жана Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү, социалдык объектилерди суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Учурда жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, "Тазалык" ишканасынын 7 техникасы, "Бишкек Суу канал" ишканасынын 2 техникасы жана ИИМдин 15 кызматкери иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.

Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде да жолду суу каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан