Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, тергөө изоляторунда институттун кызматкерлери кармалгандардын, анын ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун кармоо шарттары менен таанышты.
Мониторинг үчүн алар камераларды тандап киришти. Афтандил Жоробековдун камерасына кирген кезде алты адам кармалып турган, экөөнү иликтөө иштерине алып кетишкен, дагы экөө сейилде экени белгилүү болгон. Аталган камерада он адам жайгаштырылган болсо, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлган.
"Жоробеков ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасына макул эместигин, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бергенин кызматкерлерге билдирди",-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кызматкерлер дагы бир активист Мелис Аспековдун кармоо шарттары менен таанышты.
Буга чейин Акыйкатчы институтуна аны ооруканага ден соолугун текшерүү үчүн жиберүү зарылдыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Ал жүрөгү ооруп жатканын айткан.
Ага байланыштуу 21-декабрда аталган абактын кызматкерлери жарандык активистти текшерүүдөн өткөрүү үчүн "Бикард" жеке менчик клиникасына жөнөтүшөрүн билдиришти.