Кытайдын түндүк-батыш аймагында жет титирөө катталып, кеминде 111 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, жер титирөө 19-декабрга караган түнү Ганьсу провинциясынын түндүк-батыш аймагында катталган. Анын күчү 6,2 баллга жетип, очогунун тереңдиги 10 километрди түзгөн.
Жергиликтүү бийликтин тактоосуна караганда, бүгүн таңкы саат 7:50 чамасында Ганьсу провинциясынан 100 адам каза болгону айтылса, Цинхай провинциясынан 11 адам көз жумду. Ал эми 397 адам ар кандай жаракат алды.
Кырсыктын кесепетинен Минхэ, Сюньхуа, Хуалун уезддеринде 4700 үй урап, электр чубалгылары менен байланыш түйүндөрүнө жана транспорт түзүмдөрүнө зыян келтирилген.