Израиль ХАМАСка чабуулду бир жумага токтотууну сунуштады

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылына туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында согуштук аракеттерди бир аптага токтотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Израилдин "Моссад" кызматынын башчысы Давид Барнеа болжол менен 40ка жакын туткунду бошотуу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштаган.

Бошотууну сунуштаган туткундардын арасында аялдар, курагы 60 жаштан ашкан эркектер жана медициналык жардамга муктаж адамдар бар.

Буга чейин эки тарап Катар менен Египеттин ортомчулугунун аркасында согуш аракеттерин 4 күнгө токтотууга жетишишкен. Келишим 24-ноябрда күчүнө кирип, эки тарап туткундагы 19 жашка чейинки балдарды жана аялдарды бошотушкан . Согуш аракеттерин токтотуу келишими кийин дагы 2 күнгө узарганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан