Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Анда комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова “Ата-Журт Кыргызстан”, “Альянс” "Ишеним" фракцияларынын жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топторунун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу боюнча чечимдери бар экенин билдирди.
Суроо берүүгө эч ким жазылган жок. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун талкуусуз экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Экинчи окууда каттоодон өткөн 79 депутаттын 58и макул, алтоо каршы добуш берди. Ал эми үчүнчү окууда 59 депутат макул, 5 эл өкүлү каршы добуш берди.
Эми мыйзамга президент кол коюшу керек.