Нурсултан Назарбаев Москвага барып, Путинге жеке жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен жеке сүйлөштү. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык басылмаларга билдирди.

"Ооба, ал (ред. Назарбаев) чындап эле Москвада болчу, ал президент менен жеке жолугушуу өткөрдү. Биз муну тастыктай алабыз", - деген Песков.

Казакстандын биринчи лидери орусиялык кесиптеши менен жолугушуу үчүн Москвага учуп кеткени тууралуу маалыматты 18-декабрда Взгляд на Востока” телеграм каналы жазган. Анда Назарбаев мурдагы позициясын кайтарып алуу үчүн Москвадан колдоо алууну көздөп жатканы жазылган.

Назарбаев Москвага акыркы жолу 2022-жылдын 10-июнунда барып, Путин менен жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан