ХАМАС Израилдин жаңы барымталарды алмашуу сунушун четке какты

Палестинанын ХАМАС кыймылы Израилдин барымтадагыларды алмашып, ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ХАМАС кыймылынын сунуштан баш тартуусу сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болду дегенди билдирбейт, тескерисинче, Израилди жеңилүүгө мажбурлоо үчүн жасалган стратегиялык кадам.

Сунуштун шарттарына ылайык, Израиль Газа тилкесиндеги кургактыктан жана абадан операцияларды бир жумага убактылуу токтотуунун ордуна дарыланууга муктаж болгон аялдар, балдар жана карылар болгон 40 барымтадагыны бошотууну көздөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан